super.kg logo
  Саясат  

Орусияда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат

 

Орусияда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Алиясбек Алымкулов бүгүн, 7-октябрда парламенттин Эл аралык иштер комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында Орусия Федерациясындагы "КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө” КРнын Өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору каралды. Алымкуловдун айтымында, мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө жакшы шарт түзүлөт. “Орусиянын тиешелүү өкүлчүлүгү Кыргызстанда бар, а биздики жок. Биздин мекендештердин көпчүлүгү Орусияда жүрүшөт. Ошондуктан алардын көйгөйлөрүн түздөн-түз чечүүгө жана Орусия бийлиги менен биргеликте иштешүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Өкүлчүлүктү ачууга ушул жылдын бюджетинен 22 миллион сом каралган, акчабыз бар”,- деди Алымкулов.

Комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун жактырып беришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: