super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев шахмат спортун өнүктүрүүгө мамлекет жетиштүү көңүл бурушу керектигин айтты

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановду жана өлкөнүн алдынкы шахматчысы Семетей Төлөгөнтегинди кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиргендей, жолугушууда өлкө башчы шахматчыны бүткүл дүйнөлүк шахмат Олимпиадасынын алдынкы 10 мыктысынын тизмесине кириши жана шахмат боюнча Кыргызстандын курама командасы Олимпиадада жогорку жетишкендиктерди багындырышы менен куттуктады. 
Тараптар шахмат спортун мындан ары кантип өнүктүрүү керектиги боюнча сүйлөшүштү. Өлкө жетекчиси шахмат спортун өнүктүрүүгө мамлекет көңүл бурушу керектигин, Орусияда 17-26-октябрда өтүүчү шахмат боюнча эл аралык фестивалга катышуу үчүн кыргызстандык шахматчыларга каражат бөлөрүн айтты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: