super.kg logo

Казак Эл артисти Ислухан Обаев: "Кыргызстандык жазуучулардын чыгармалары Казакстанда атактуу"

 

Бишкек шаарына гастролдук иш сапары менен М.Ауэзов атындагы Казак академиялык театрынын артисттери келишти. Максаты - Казакстандын маданияты, искусствосу менен көрүүчүлөрдү тааныштыруу. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда аталган театрдын директору Еркин Жуасбек билдирди.  

“Биз көрүүчүлөрдүн көңүлүн тартуу максатында Казакстанды гастроль менен кыдыра баштаганбыз. Эми чет өлкөлөрдү кыдырууну колго алдык. Театрдын көпчүлүк пайызын жаштар түзгөндүктөн, заманбап чыгармаларды койгонго аракет кылабыз. Бирок ошол эле учурда театр дүйнөлүк классикасыз жашай албагандыктан, дүйнөлүк чыгармалар да коюлуп турат. Ал эми Бишкекте ар түрдүү жанрдагы 7 спектакль көрсөтөбүз. Алардын баары казак тилинде коюлат”,- деди Жуасбек мырза.

Казакстандын Эл артисти, режиccёр Ислухан Обаев: "Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бир туугандык жакындык эбактан бери болуп келген. Кыргыз чыгармалары бизде атактуу. Алсак, Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиевдин чыгармаларын казак режиссёрлору коюп турушат",- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: