Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны декабрда Бишкекте өтөт
Бишкекте декабрь айынын башында Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль менен Санкт-Петербургдун Тышкы байланыш комитетинин төрагасы Сергей Марковдун жолугушуусунда сүйлөшүлдү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, аталган комиссиянын жыйынына тийиштүү маселелер каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, Кыргыз-Санкт-Петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын мурунку жыйыны 2013-жылдын 20-июнунда Орусияда өтүп, ага ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр (учурда өкмөт башчы) Жоомарт Оторбаев катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

