super.kg logo

Бишкекте сүрөтчү Талгат Миррахимовдун 70 жылдыгына арналган жеке көргөзмөсүнүн бет ачары болду (фоторепортаж)

 
Аземдин катышуучулары.
Сүрөтчүгө Казакстандан келген өкүлдөр сыйлык тапшырышты.
Сүрөтчү Талгат Миррахимов.
Иш-чарада бийчилер өнөрлөрүн тартуулашты.
"Уйгур кыздары".
"Ырдаган дербиш".
"Хотандык килемдин аялдары"
"Энемдин портрети".
"Сүт сатуучу".
"Балыкчы".
"София чиркөөсү".
"Жолдо".
"Чымчык кармагыч".
"Эненин портрети".
Натюрморт.
"Кашкар көчөсү".
"Кечки мотив".
"Оңдогуч".
"Ысык-Көлдүн балыктары".
"Айлуу түн".
Сүрөтчү Талгат Миррахимов.
Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талгат Миррахимовдун жеке көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Көргөзмө сүрөтчүнүн 70 жылдыгына арналды. Иш-чарага Талгат Миррахимовду куттуктап келишкен Казакстан, Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, кыргыз маданият, искусство ишмерлери, сүрөтчүнүн жакындары катышты.  

Көргөзмөгө акыркы беш жылда жаралган эмгектери коюлду.

Т.Миррахимов 1971-жылдан бери жыл сайын көргөзмөлөргө катышып, чет элдиктердин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет. Ал жеке көргөзмөлөрү менен Жер шарынын жарымын кыдырып чыккан. “Азия калкын сүрөткө түшүргөндү жакшы көрөм. Өзүм Азия мамлекеттерин кыдырып чыктым. Бирок кыргыздын кооз жаратылышына такыр жетпейт. Азыркыга чейин суктанып бүтө элекмин. Табигатты, социалдык абалды боёк аркылуу айкалыштырып берем. Анан сулуу кыздарды тартканды жакшы көрөм, анткени алардын ажарлуу жүзү чыгармачылык эргүү берет. Натюрмортту дайыма тартам, ал боёкту байытат. Сүрөтчүлөр көп сүйлөбөгөндүктөн, оюбузду кагаз бетине түшүрүп, көрүүчүлөргө тартуулайбыз”,- деди ал.

Т.Миррахимов 1944-жылы Кытайдын Кулжа шаарында, зергердин үй-бүлөсүндө туулган. 1955-жылы Миррахимовдордун көп балалуу үй-бүлөсү Кыргыз ССРине көчүп келип, Фрунзе шаарына жакын аймакка жайгашып калган. 1968-жылы Т.Миррахимов сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Ал көптөгөн көргөзмөлөрдүн жана сыйлыктардын ээси. Анын сүрөттөрү Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде, Европа жана КМШнын музейлеринде, АКШ, Канада, Япония, Кытай, Сингапур мамлекеттеринде орун алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: