super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргызстандын кошулушу боюнча документти жактырды

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети баяндамачылардын жоктугунан "КРны социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө", "КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзам долбоорлорун кароону кийинки аптага калтырды.

Мындан тышкары комитет жыйынында Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен Беларусь, Казакстан жана Орусиянын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргызстандын кошулуусу боюнча жол картасынын долбоору талкууга алынды. Депутат Марат Султановдун айтымында, Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө караганда Кыргызстандын экономикасынын структурасы такыр башкача, андыктан акча саясатында көз каранды болууга болбойт. Ушул пикирди эске алуу менен мыйзам долбоору жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: