Жогорку Кеңеш маданият, маалымат жана туризм министри кылып Алтынбек Максүтовду шайлады

Жогорку Кеңештин 8-октябрдагы жыйынында Алтынбек Максүтов маданият, маалымат жана туризм министри болуп шайланды. Анын талапкерлигине 84 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди. Төрага Асылбек Жээнбеков аны министр болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Айта кетсек, Максүтов "Ар-намыс" фракциясынын квотасы боюнча министрлик кызматка шайланды.
Алтынбек Максүтов:
Туулган жылы - 1972-жыл, 13-октябрь.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку. Москвадан Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайды аяктаган.
Буга чейин Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын башкы режиссёру болуп иштеп келген.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовдун маеги (Жүктөлгөн: 25.09.2014)
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

