super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовдун жоопторуна канааттанбай жатышат

 

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Алтынбек Максүтовдун талапкерлиги каралып жатат. Жыйында Максүтов депутаттарга министрликтин ишин алдыга жылдырууга багытталган программасын тааныштырды. Депутаттар анын программасына канааттанбай жатканын айтышууда. Кожобек Рыспаев “Мен сиздин программаңызга канааттанбай жатам. Министр болом дегенден кийин жакшы даярданышыңыз керек болчу” десе, кесиптеши Каныбек Осмоналиев талапкердин дымагы күндөн-күнгө начарлап жатканына токтолду. “Бир айдан бери "программа боюнча жакшы даярдык көрүңүз" деп айтып жатам. Бирок күндөн-күнгө төмөндөп баратасыз. Программаны жеткиликтүү жазып, жакшынакай даярдансаңыз болмок. Парламент колдоп берсе, ишти алдыга жылдырып кетүү үчүн жакшы аракет кылыңыз”,- деди ал.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: