Бишкекте Шаар күнүн белгилөөгө арналган салтанаттын жүрүшүндө спорт боюнча көргөзмөлөр, мелдештер уюштурулат
Бишкекте 11-октябрь күнү эски аянтта Бишкек шаарынын күнүн белгилөө салтанатынын алкагында спорттук мелдештер орун алат. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда спорттук гимнастика, көркөм гимнастика, таэквондо, дзюдо, оор атлетика, күрөш, гиря көтөрүү спорттору боюнча көрсөтмө оюндар болот. Ал эми кол күрөш, стол тенниси, шахмат, стритбол, тогуз коргоол, ордо, аркан тартыш жана жеңил атлетика боюнча мелдештер уюшулат. Бул иш-чарага катыша тургандардын саны 2 миңден ашарын белгилешет уюштуруучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:53
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.