super.kg logo
  Саясат  

Парламент озон катмарын коргоого багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды

 

"Озон катмарын коргоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Долбоор атмосферанын озон катмарын коргоо жаатында Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин компетенциясына байланышкан жоболорду жаңылоо бөлүгүндөгү Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча аткарыла турган иш-чараларга карата иштелип чыккан. Озон катмарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылуу, озонду бузуучу химиялык заттар камтылган продукцияларды Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргызстанга ташып кирүү үчүн корутундуларды берүү тартибин жана шарттарын белгилөө жагы да каралган.

Мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды, ага 81 депутат "макул" деп добуш берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: