super.kg logo
  Саясат  

Парламент чек арага чектеш жашаган жарандарга курал көтөрүүгө уруксат бере турган мыйзам кабыл алды

 

Чек ара аймагында жашаган айрым жарандарга чек араны коргоо үчүн курал берилет. Буга байланышкан мыйзам долбоору бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, 3-окууда колдоо тапты. Мыйзам чек арага жакын жайгашкан калктуу аймактардын тургундарын акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик чек араны сактоого тартуунун тартибин аныктайт жана чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын, милдеттерин жана аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн ыйгарым укуктарды белгилейт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору кабыл алынары менен чек арага танапташ айылдарга жапырт курал-жарак таратылбастыгын айтып, курал берүү тартибин өкмөт Чек ара кызматы менен макулдашуу аркылуу аныктаарын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: