Кыргызстанда спирт ичимдиктерин саат 6:00дөн түнкү 12ге чейин жарнамалоого тыюу салынат
Жогорку Кеңештин 8-октябрдагы жыйынында жарнама жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, алкоголдук ичимдиктерди ММКлар аркылуу саат 00:00дөн баштап 06:00гө чейин гана жарнамалоого уруксат берилет.
“Ичимдиктерди саат 22:00дөн баштап жарнамалап жатышат, бул туура эмес. Ошондуктан биз саат 00:00дөн баштап 06:00гө чейин гана уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Норманы бузгандарга айып пулдун көлөмү көтөрүлөт”,- деди Бекешев.
Депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

