super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө жол кырсыктарын азайтуу маселеси талкууланды

 

Бүгүн, 8-октябрда өкмөттө вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги астында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Анда жол кырсыгынын санын азайтуу, жол кыймылына катышкан жарандардын ден соолугун жана жашоосун сактоо максатында комиссия тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына күз-кыш мезгилинин кирип келишине байланыштуу алдын алуу иш-чараларын активдештирүү жана жол кырсыктарын кыскартуу, айдоочуларды этияттыкка чакыруу боюнча планды иштеп чыгуу;

- Жол кырсыктарынан 5 же андан көп адам каза болсо, ошондой эле 10 адамдан ашык жаракат алган кырсык болгондон кийинки 3 күндүн ичинде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезексиз жыйынын өткөрүү.

Мындан тышкары комиссия Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол кызматтарына кар тазалоочу техниканы өз убагында даярдап, жайгаштырууну, республиканын унаа жолдорунун тазалыгы тийиштүү деңгээлде болуусун камсыздоо максатында кум жана туздуу аралашманы даярдоо тапшырмасын берди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: