super.kg logo

Аба ырайы, 9-октябрь: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, Чүйдө -4 градуска чейин суук болот

 

9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын айрым райондорунда жаан, кар жаайт. Түндүк батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -4°C

Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +14°C, түнкүсүн +7°C

Баткен облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн -3°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +5°C

Нарын облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C

Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -3°C

Эскертүү!

8-9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. 9-10-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: