Операциядан улам бир эмчексиз калган айым кылмыш иши козголбогондуктан прокурорго кайрыларын билдирди










Операциядан улам бир эмчексиз калган бейтап айым Гүлзина Байтаевада рак илдети жок экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда SUPER.KG порталына ал өзү билдирди.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянсак, хирург гистологиялык анализдерди эске албай анын эмчегин кесип салганы тастыкталды.
Бейтаптын айтымында, бул экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголбогондуктан прокурорго кайрыларын билдирди. "Мен тергөөчүгө кайрылсам, ал мени менен байланышуудан баш тартууда. Эмне себептен кылмыш иши козголбой жаткандыгы таң каларлык болуп жатат",- деди Байтаева.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 12-августунда бейтап Г.Байтаева маалымат жыйын өткөрүп, "хирург эмчегимди жаңылып кесип салган” деп билдирген. Андан соң 18-августта ал "менин ишимди иликтеп жаткан Улуттук онкология борборунун комиссиясын күнөөлүүлөрдүн биринин атасы жетектеп жатат" деп арызданган. 20-августта КРнын Президентинин аппараты бейтап айымдын ишин калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштаганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
nazi0807

09.10.2014. 10:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кейиштуу жана окунучтуу корунуш. Вашка врачткрга сабак боло алат бекен жэ ....
akzuura

09.10.2014. 13:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi0807, башка врачтар жасап беруу учун дагы толтура акча сурайт качан эле ий байкуш бир кокурогун кесип койуптур ордуна мен жасап берейин деген врачтар болдуле?азыр 1кадам бассанда акча кетет .
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.