Алмазбек Атамбаев Минскте өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда Минск шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешинин, Евразия экономикалык коомчулугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин, Казакстан, Орусия жана Беларусь өлкөлөрүнүн Жогорку евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Муну президенттик аппараттан бүгүн, 9-октябрда билдирди. Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушууларды өткөрмөкчү.
Айта кетсек, жыйында Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык союзга кириши боюнча жол картасы да каралмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

