super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова Оштогу студенттердин абалы кышында оор болорун айтууда

 
Ош шаарындагы студенттер кышында свет менен үзгүлтүксүз камсыздоону же кышкы каникулду узартууну сунушташууда. Муну парламенттин 9-октябрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова билдирип, буга тийиштүү чара көрүүнү өкмөттөн өтүндү. "Батирде жашаган студенттер "Жарык көп өчө турган болсо, кышында батирде тоңуп калабыз. Каникулду узарткыла, кышты айылдарыбыздан өткөрөлү" деп жатышат. Муну карап көрөлү",- деди депутат.
Мамырова кышка даярдык көрүү боюнча Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин сөзүн сынга алды. "Ошто өткөн жыйында шаар мэри "Жыйынга ректорлор эмнеге келген жок, алар кышка даяр бекен?! Мындай болсо окуу жайларын шаардан чыгарып кетишсин да, окута беришсин" дейт. Бул эмне деген мамиле?"- дейт ал. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: