super.kg logo
  Саясат  

Эсенгул Исаков "азыр кардын алдында 4-5 миллиард сомдук түшүм жатат" деди

 

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков өкмөттүн көңүлүн айыл чарба тармагындагы түзүлгөн кырдаалга буруп, дыйкандардын мээнети текке кетип жатканын белгиледи. "Дыйкандардын түшүмү жаан менен кардан жабыр тартты, азыр кардын алдында кеминде 4-5 миллиард сомдук түшүм жатат. Үстөк пайыздуу насыя алып, гектарына 40 миң сомго чейин каражат жумшаган адамдар бар, алар эми карызын кантип төлөшөт? Тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери жана адистер жер-жерлерди кыдырып, дыйкандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүшү керек",- дейт депутат.

Мындай сунушту башка депутаттар да айтышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: