super.kg logo

Бишкекте “BEAUTY EXPO-2014” аттуу сулуулук индустриясынын көргөзмөсү ачылды

 

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “BEAUTY EXPO-2014” аталышындагы сулуулук индустриясынын эл аралык көргөзмөсүнүн бет ачар аземи болду. Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык ири көргөзмөгө косметика, парфюмерия, эстетикалык медицина, профессионалдуу косметикалар жана косметологиялык жабдуулар коюлду.

Ошондой эле бул жаатта эмгектенген адистер эстетикалык косметология, пластикалык хирургия, карылыкка каршы медицина тууралуу келген конокторго түшүндүрмө берип жатышты. Мындан сырткары визаж, тырмакты түрлөп боёо, чачка кам көрүү боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө 11-октябрга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: