Кыргызстанда гейлерди даңазалоого тыюу салынганы жатат
Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумсаларды пропагандалоону чектөө тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Курманбек Дыйканбаев. Анын айтымында, мыйзамдын максаты - салттуу эмес жыныстык мамилелерди пропагандалоого бөгөт коюу. Мыйзамга ылайык, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандар 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле лесбиянкалардын бирикмесин түзүү жана алардын укугун коргоого тыюу салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

