Депутаттар ак калпакты кыргыздан башка жарандарга тартуулоого тыюу салууну айтып чыгышты

Кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты кыргыздан башка жарандарга тартуулоого тыюу сала турган мыйзам чыгарыш керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айтып чыкты. Анын билдиришинче, учурда кыргыздын улуттук баш кийими кордолууда. "Кыргыздын калпагын кыргызга гана бериш керек деген мыйзам иштеп чыгыш керек. Азыр өзбегине да, башкасына да калпак тартуулап жатабыз. Калпакты мончолорго кийип жатышат. Кыргыз эч качан баш кийимин тепселеген эмес",- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Интернет булактары
Айта кетсек, жыйында чиновниктерди эл аралык расмий жолугушууларда улуттук колоритти чагылдырган элементи бар кийим кийүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору каралууда. Демилгени депутат Дамира Ниязалиева көтөрүп чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

