Турсунбай Бакир уулу: "Гейлер үйүндө каалаганын кыла беришсин, бирок коомчулукка чыгып элди үгүттөбөсүн"
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу өлкөдө гейлерди даңазалоого тыюу сала турган мыйзамды кечиктирбей кабыл алыш керек деп эсептейт. Муну депутат парламенттин 9-октябрдагы жыйынында айтып чыкты. "Гейлер үйлөрүндө каалаганын кыла беришсин, бирок коомчулукка чыгып жарандарды үгүттөбөсүн. Жакында Бишкекке чет өлкөдөн салттуу эмес жыныстык мамилелерди колдогон топ келип, түнкү клубдардын биринде концерт берди. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору ушундай иштерге тыюу салат, гейлердин укугун бузуу тууралуу сөз жок",- деди Бакир уулу.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, парламент салттуу эмес жыныстык мамилелерди өлкөдө даңазалоого тыюу сала турган мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө жиберди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

