super.kg logo
  Саясат  

Аксыда өзбектерди чек арадан кууп чыккан кыргыз жаранын кармагандарга Өзбекстан 3 миллион доллар убада кылыптыр

 

“Өзүнүн мылтыгы менен өзбектерди кыргыз чек арасынан 800 метрге кууп чыккан Аксы районундагы Дерес айылынын тургуну Бактыбек Узгенбаевди кармап келгендерге Өзбекстан 3 миллион доллар убада кылыптыр”,- деп билдирди депутат Анарбек Калматов бүгүн, 9-октябрда SUPER.KG порталына. 

Депутаттын айтымында, Узгенбаев Өзбекстандын Чек ара кызматы Кыргызстанга караштуу аймакты басып алып, анда курган көзөмөл өткөрүүчү бекетин талкалап, өзү жалгыз коңшу өлкөнүн чек арачыларын 800 метрге кууп чыккан.

“Учурда Аксы районундагы Дерес айылынын тургуну Узгенбаевге “баатыр” деген наам бергиле деп өкмөткө кайрылдым. Буга чейин да кайрылган элем, бирок макул болбой жатышат. Ага жөнөкөй эле медаль берип коюптур”,- дейт Калматов.

Депутат жашоо шарты катаал аталган айылдын эли башка жакка көчүп кетип жатканын айтат.   

Бул айыл чек арага жакын жайгашкан. Жашоолору начарлап, айылда таза суу жок экен. Айыл тургундары ал жерди таштап башка жактарга көчүп кетип жатышыптыр. Тургундар айылдан кетип калса, өзбектер кайрадан биздин чек арага кирип басып алышат. Таза суу чыгарып беришибиз керек. Айыл тургундары Чек ара кызматы кыла албаган ишти жасашкан, өздөрү жабылып застава курушуптур”,- деп билдирди депутат. 

Эскерте кетсек, "Супер-Инфо" гезитине 2013-жылы "Көйгөйү көп Дерес айылы" деген макала жарыяланган. Анда аталган айылдын көйгөйү, чек араны коргоодогу Бактыбек Узгенбаевдин эрдиги тууралуу кенен маалымат берилген. Кийин Бактыбек Узгенбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тарабынан Даңк медалы менен сыйланган.    

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: