super.kg logo

Бишкекте орусиялык мушкер Николай Валуев чыгармачылык кечесин өткөрөт

 
10-октябрда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында “Амурдагы күз” (“Амурская осень”) эл аралык театралдык фестивалда Рудольф Нуреевдин ролу үчүн атайын наам алган Сергей Янковскийдин катышуусунда “Эркиндикке карай секирик” (“Прыжок в свободу”) аттуу спектаклдин бет ачар аземи болот. Ал эми 11-октябрда аталган театрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону Николай Валуевдин “Сапарды улай” (“Продолжая путь”) аттуу кечеси өткөрүлөт. 
“Эркиндикке карай секирик” спектакли Киров театрынын бийчиси Рудольф Нуреев тууралуу жазылган автобиографиялык материалдардын негизинде коюлган. Рудольф Нуреевдин ролунда актёр Сергей Янковский, балет артисттеринин образын кыргызстандык артисттер Айзада Тумакова жана Досмат Садыркулов аткарышат. 

“Эки акыл, эки талант бир сахнада биринчи жолу чыгармачылык, чоң спорт, саясат, шоу чөйрө тууралуу ачык айтып беришет. Кеченин программасында Сергей Янковский ыр окуп жана чечётка бийин бийлейт. Ал эми Николай Валуевдин кечесинде үй-бүлөлүк архивиндеги фотолор, видеолор көрсөтүлөт. Ошондой эле мушкер жашоосундагы эң кызыктуу учуру, ийгилиги жана жеңилүүлөрү тууралуу айтып берет,- деп жазылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
09.10.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ee ollo jakwy korom da uwul akterduchu
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: