super.kg logo
  Саясат  

"Жылдын мыкты мугалими" наамын Ош шаарындагы №18-мектептин жана Бишкектеги №69-окуу-тарбия комплексинин мугалимдери алышты

 
Кыргызстанда билим берүү тармагынын мыктыларын аныктоо сынагы 7-8-октябрь күндөрү Бишкекте өттү. Билим берүү жана илим министрлиги сынактын максаты окутуучулардын чыгармачылыгын тереңдетүү, мугалимдер жамаатына стимул берүү экенин билдирет. Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду: 
"2014-жылдын мыкты мугалими"
1-орун - Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69-окуу-тарбия комплексинин химия мугалими Калийпа Айдаралиева жана Ош шаарындагы А.Навои атындагы №18-мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мелисбек Музулманов.
2-орун - Чүй облусундагы А.Жумагулов атындагы орто мектептин тарых мугалими Бакыт Уралиев.
3-орун - Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1-мектеп-гимназиясынын математика мугалими Марат Абдуллин. 
"2014-жылдын мыкты инновациялык мектеби"
1-орун - Ош шаарындагы №32-мектеп
2-орун - Чүй облусундагы №2-Новопавловка мектеп-гимназиясы
3-орун - Бишкек шаарындагы №67-мектеп-гимназиясы
"2014-жылдын мыкты айылдык мектеби"
1-орун - Баткен облусундагы С.Кожобаев атындагы орто мектеп
2-орун - Чүй облусундагы Сосновка орто мектеби
3-орун - Нарын облусундагы Байбураев атындагы орто мектеп 
"2014-жылдын мыкты бала бакчасы"
1-орун - Ысык-Көл облусундагы "Чолпон" бала бакчасы
2-орун - Бишкек шаарындагы №53-бала бакча
3-орун - Ош облусундагы "Ак ниет" бала бакчасы





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: