Мамлекеттик бажы кызматы АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майын сатып алууга тендер жарыялады
Мамлекеттик бажы кызматы АИ-92 үлгүсүндөгү бензин сатып алууга тендер жарыялады. Мекемеден 9-октябрда билдиришкендей, сатып алуучу уюмдун аталышы - КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Камсыздоо борбору. Тендердик өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 31-октябрь, саат 11:00гө чейин. Өтүнмөлөрдү ачуу 31-октябрь күнү саат 11:00дө болот.
Документтер Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү 4 "а" дареги аркылуу кабыл алынат.
Мекеме дизель майын сатып алуу боюнча да тендер өткөрөт.
Документтерди кабыл алуу 24-октябрга чейин жогоруда аталган дарек боюнча жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

