super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Пенсиялык акчаларды тобокелге салууга укугубуз жок"

 
"Пенсиялык акчалар - тобокелчиликке салууга биздин укугубуз жок каражат. Мен пенсиялык ресурстарга күмөн жараткан жана алсыз компанияларды тартууга жол бербөөчү терең ойлонулган жоболорду иштеп чыгууну сунуштайм". Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдиргенин 10-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Оторбаев Социалдык фондго жана Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматын Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражатын корпоративдүү камсыздалган облигацияларга инвестициялоо мүмкүндүгү боюнча саясатты жана нормативдик актыларды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. 2014-жылдын жайында өкмөт Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражатынын 20 пайызын ишканалардын милдеттенмесин (облигация - ээсинин аны чыгарган жактан анда каралган мөөнөттө өз наркын же теңдештик мүлкүн ала тургандыгын күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз) инвестициялоого колдонууга биринчи жолу уруксат берген. Мындан улам мекемелер пенсиялык фонддун эсебинен узак мөөнөткө жана арзан каражат алууга мүмкүнчүлүк алышкан.  
    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: