“18 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган” деп шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды
“Бишкекте 18 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган” деп шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-октябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну, 18 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам күч колдонуп аны зордуктаганын айткан.
Көрүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде Чүй облусунун 22 жаштагы тургуну кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

намысына тийесинер!.
kunajyn kozun suzboso buka jibin uzboit chon kyz.