Сокулук районунда 26 жаштагы айдоочу унаасы менен эки мектеп окуучусун сүзүп алды
Сокулук районунда 26 жаштагы айдоочу унаасы менен эки мектеп окуучусун сүзүп алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-октябрь күнү саат 16:30 чамасында болгон. Анда 26 жаштагы айдоочу унаасы менен 9 жана 8 жаштагы эки окуучуну сүзүп алган. Анын кесепетинен жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби иликтенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.