Кемин районунда мал уурулук фактысына шектелип 41 жаштагы жаран кармалды
Кемин районунда мал уурулук фактысына шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 38 жаштагы Ак-Бекет айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 8-октябрь күнү саат 23:00 чамасында сарайында байланып турган уюн белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Андрей кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.