super.kg logo

"Кызгалдак" балдар бий тобу Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өтчү жүрүшкө катышат

 

"Кызгалдак" балдардын бий ансамбли 2015-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоонун урматына Орусия менен Беларусь аркылуу өтүүчү Фрунзеде түзүлгөн 385-аткычтар дивизиясынын согуштук жүрүшүнүн маршруту боюнча "Тынчтык жана бейпилдик үчүн" аттуу үгүт бригадасынын курамына чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусунан келген "Кызгалдак" бий ансамблинин репертуарынын бет ачары Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ирина Карамушкина, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Беларустун Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Виктор Денисенко, Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Бий ансамблинин балдары кыргыз, орус, беларусь элдеринин бийлерин бийлешти.

Ансамблдин көркөм жетекчиси Мирбек Маматовдун айтымында, борбор шаардагы профессионалдуу бий топторуна караганда райондордун бий ансамблдери өнүгүүдө чектелип калгандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: