super.kg logo

Жылнаама, 13-октябрь: Мындан 15 жыл мурун Баткен облусу уюшулган

 
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгына ылайык, Баткен облусу уюшулуп, жаңы администрациялык бирдикке Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору кирген.
 
* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Ашыраалы Айталиев 81 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Ал 1927-жылы Ысык-Ата районундагы Жедигер айылында туулган. Акындын ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн чагынан эле башталган. Ак таңдай акын кыргыз рухий көркөм дүйнөсүнүн келечегине кам көрүп, анын аракети менен Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган. Ашыраалы Айталиев төкмөлүк менен биргеликте ырчылыкты, дастанчылыкты да өнүктүрүп келген. Улуу таланттын “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюнда кимдин гүлүсүң?” жана башка ырлары элдин сүйүктүү ырларына айланган.
* Мындан 89 жыл мурун, 1925-жылы Улуу Британиянын экс-премьер-министри, Советтер Союзунун кулашына чоң салым кошкон саясатчы катары таанымал Маргарет Робертс Англиянын Грантем шаарчасында кедей үй-бүлөдө туулган. Тэтчер британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарып, бул өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген биринчи аял болуп калган. Ал эми 2002-жылы "темир айымдын" ден соолугу начарлап, отставкага кетип, коомдук жана саясий иш-чаралардан баш тарткан. Улуу Британиянын "темир айымы" атыккан экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер 2013-жылы 8-апрелде 87 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон.
13-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: