super.kg logo
  Саясат  

"Жаңы жылды союздун толук кандуу мүчөсү катары тоссок деген ниеттебиз” деди президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында

 

Кечээ, 10-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Минск шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан үчүн Бажы союзуна кирүү жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу тышкы экономикалык саясаттагы маанилүү приоритеттерден экенин белгиледи. “Биз интеграция жолунда бирге бара жатабыз. Бул биздин жалпы максатыбыз. Биз биргелешип Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу боюнча жол картасын колдодук. Кыска мөөнөттүн аралыгында Евразия экономикалык комиссиясы менен бирдикте көп иштер аткарылды. Бажы союзу боюнча жол картасын аткаруунун алкагында Кыргызстан өлкөнүн парламентине тиешелүү мыйзам долбоорлорунун пакетин киргизди. Дээрлик бардык фракциялар аны колдошту”,- деди Алмазбек Атамбаев. 

Андан тышкары өлкө башчы: "Жаңы жылды союздун толук кандуу мүчөсү катары тоссок деген ниеттебиз”,- деп кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: