super.kg logo

Бишкекте санитардык тазалыкка чакырган “Таза колдор” акциясы өтөт

 

13-17-октябрь аралыгында Дүйнөлүк таза колдор күнүнө карата жыл сайын өтүүчү “Таза колдор” акциясы уюшулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин буйругу менен шаардын балдар бакчасында, жалпы билим берүү мектептеринде, жогорку жана орто окуу жайларында бир нече иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Калк арасында маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүп, санитардык агартуу адабияттары таратылат. Ошондой эле балдар билим берүү уюмдарында жана балдар адистештирилген үйлөрүндө балдарга колду кантип туура жуу керектиги үйрөтүлөт. Кошумчалай кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду 15-октябрды Таза кол дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Биринчи Таза кол күнү 2008-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын Санитар жылы жарыяланганда кабыл алынган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: