Акыркы 1 суткада Кыргызстанда 8 өрт кырсыгы катталды
Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылганын бүгүн, 11-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкекте 4 өрт кырсыгы катталса, Ош облусунда 2 өрт катталган. Ошондой эле Чүй, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден өрт кырсыгы болгон.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда катталган өрт кырсыгында Төлөйкөн айылынын тургунунун денесинин 38-40 пайызы күйүп калган. Ал койдун башын куйкалап жатканда бензин чачыраган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.