Минск шаарында Владимир Путин менен Молдованын президентинин ортосунда түшүнбөстүк жаралды

Минск шаарында Владимир Путин менен Молдованын президентинин ортосунда түшүнбөстүк жаралды. Мындай маалыматты орусиялык басылмалар бүгүн, 11-октябрда таратышты.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Орусиянын президенти Владимир Путин менен Молдованын президенти Николае Тимофтинин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Анда Тажикстандын президенти сөз алып сүйлөп жатканда да алар бири-бирине ишарат кылып жатышты. Журналисттер ачык урушту дээрлик көргөн жок, ошентсе да алардын туруп, мушташып кетеринен шек санагандар аз эле. Бул маалда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев столдо турган калемди алып, кагазга бирдемелерди жазып Александр Лукашенкого берди. Ошентсе да тегерегиндегилердин кийлигишүүсүсүз президенттер өздөрүн колго алышты" деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

