super.kg logo

Бишкекте "Кыргыз эл бийи" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 
Бул сынакка SUPER.KG порталы маалыматтык колдоо көрсөттү.
“Уркуянын урпактары” элдик бий ансамблинин байбичелери.
"We next" бий тобу 80 миң сомго ээ болду.
Бийчи Анель 80 миң сом жеңип алды.
"Санжыра" бий тобу "Жигиттер бийи" менен.
"Санжыра" бий тобу 150 миң сомго ээ болду.
"Жаз" бий тобу "Бий мерген" бийи менен.
"Жаз" бий тобу 160 миң сомго ээ болду.
Бийчи Тургунаалы Жусуп Мамайдын "Жалын бийи".
Бийчи Тургунаалы Жусуп Мамайга 180 миң сом ыйгарылды.
"Назик" бий тобу "Кыргыз бийи" менен.
"Назик" бий тобу 200 миң сомго ээ болду.

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин астында “Кыргыз эл бийи” аталышындагы сынактын жыйынтыктоочу гала-концерти болуп өттү. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов режиссёрлук кылган концертте алып баруучулук милдетти Нурзат Токтосунова жана журналист Алмаз Касымалиев аркалашты. Шаңга бөлөнгөн кечеде кыргыз эстрада ырчылары Гүлзада Рыскулова, Гүлжигит Калыков, Назми, Азамат Сарыбаев жана Султан Садыралиев ыр сунушту. Кечеде кыргыздын "Талма", "Сынма", "Жалын", "Кара жорго" сыяктуу байыркы бийлерин бул таймашка катышкан өнөрпоздор аткарып беришти. Ошондой эле Ноокаттан келишкен “Уркуянын урпактары” элдик бий ансамблинин байбичелери, сынактын кенже катышуучулары көрүүчүлөрдү жагымдуу маанайга бөлөштү. Бул саамалыкка шаар тургундары жана коноктор күбө болушту.

Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган иш-чаранын максаты - кыргыз бийин жандандыруу, өнүктүрүү, элдик өнөрлөрдүн үлгүсүн сактап калуу, муундан-муунга өткөрүп берүү, кыргыз бий ышкыбоздорун колдоо.

Иш-чарада аталган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Уюштуруу тобу даярдаган дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, дизайнер Замира Молдошева, Рустам Маманов жана башкалар тапшырышты.

“Назик” бий тобу, “Кыргыз бийи” – 200 миң сом;

Кыргыз Эл баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү, бийчи Тургунаалы Жусуп Мамай, “Жалын бий” – 180 миң сом;

“Жаз” бий тобу, “Бий мерген” – 160 миң сом;

“Санжыра” бий тобу, “Жигиттер бийи” – 150 миң сом;

“Дилгир” бий тобу, “Куштун бийи” – 100 миң сом;

Анель, "Кара жорго", нукура кыргыз бийлери" – 80 миң сом;

“We next” бий тобу, “Оп майда” бийи – 80 миң сом.

"Назик" бий тобунун жетекчиси Назик Исраилова: "Бул биздин гана эмес, жалпы журттун жеңиши. Кыргыз бийинин нукура элементтерин калкка жайылтууга кошкон салымыбыз бааланып жатканына кубанычтабыз. Берилген сыйлыкты каякка жумшоону буга чейин ойлонгон эмес экенмин, эми ойлонуштурабыз",- деди.

Иш-чаранын соңунда ырчы Султан Садыралиев “Кыргыз бийи” аттуу ырын аткарып жатканда көрүүчүлөр сынактын жалпы катышуучулары менен бирге бийлешти.

Белгилей кетсек, бул сынакка SUPER.KG порталы маалыматтык колдоо көрсөттү. 






"Кыргыз эл бийи" сынагынан репортаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(21)
12.10.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы ! Талантынар оркундой берсин!
13.10.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
azamatsınar ushundaı paıdaluu ısh charalardı uyushtursanar...
13.10.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анэльге жакшыраак орун берсенер болмок
13.10.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Patrik, кордум Анэльдин бийлегенин, анча деле кыймылдай албай экен. Асельге жетпейткенда))))
13.10.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргызстан!!! Жашасын Кыргыз бийи
13.10.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосу болсо толук жуктоп койсонор жакшы болмок сиздерден сураныч Супер инфо!!!
13.10.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chinara.1967, Саламатсызбы!
Видеорепортажды бүгүн Медиа-порталдын "Супер ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыз.
13.10.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атай европага барып келгенден бери эле , кыргыздын баары эле бийчи болуп кеттиго! Нукура кыргыз бийи деп коет дагы!
SUPER.KG видео
14.10.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bolot eken go uwundai sunaktardy oiun zooktordy otkorso..kyrgyz eli piketten topolobdirdon tajap, bir azda bolso da uwundai oiun zooktorgo muktaj bolup tyrat...andyktan madaniyattynmyktylary uwundai iw charalardy kopton otkorip tyrsanar jakwy bolot ele..
SUPER.KG видео
14.10.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага аябай жакты ,чын эле башта эмнеге уктап жата берген экенбиз ээ?Бул бийлерибиз менен дуйнону тан калтырсак болчудай экенго,уктап жата бергенибизде анда кошуна олколор аз жерден биздин бийлер деп оздорунун салтын киргизип коюшмак экен! Алга Кыргызстан!!!
14.10.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар!!! Кыргыз болуп жаралып калганыма ушунчалык сыймыктандым. Рустам Мамановго чоон рахмат.
SUPER.KG видео
14.10.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер ен жакшы Москвадан салам Кыргызстаныма )))
SUPER.KG видео
14.10.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назик кебетеси кантент
SUPER.KG видео
14.10.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааа бул Соонун жанылык турбайбы? Молодец
SUPER.KG видео
14.10.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
адамдын кебетесине эмес кылган ишине баа беришкерек азаматсынар бийчилер султандын ырына соз жок чыгармачылык ийгилик
SUPER.KG видео
15.10.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Конулду которот,эн жакшы.митинг ситингдер болбой ушундай иш чаралар болуп турсунчу ылайым..
SUPER.KG видео
15.10.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун кыргыз бийи осо юерсин. Жана Назик айткан буткул кыргыз элине бермекчимин деп айттыго,ошонун улушун кутом канча сом болот экен.
SUPER.KG видео
15.10.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун иш чара болуптур кызыгып коруп атсам бутуп калды кыскача эле жуктолгону окунучтуу. Супер инфо жамааты ушул сынакты толугу менен киргизиниздерчи сураныч же бийлеген бийчилердин оз озунчо бийлерин жуктоп койсонуздар телефон, компьютерге жуктоп алып мактаналы коншуларга.
SUPER.KG видео
15.10.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер!Азаматтар!озгочо мойтойгон бөбөктөрдүн бийлегени журокту жылытты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: