Ашууда калган чабандарга жардам бергени кеткен 2 адам дале дайынсыз болууда
Ашууда калган чабандарга жардам берүүгө чыккан 2 адамдын дайыны дале билинбей жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жардамга жөнөгөндөр Сузак районунун Түрк-Абад айылынын 1967-жылы туулган Сариев Мурзали жана 1968-жылы туулган Маматалиев Орипжан аттуу тургундары болгон. Алар 1-октябрь күнү жолго чыгып кетишкен. Ошондон бери алардын дайыны билинбей жатат.
Айта кетсек, буга чейин Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7 чабандын 2000 баш кою менен ашууда калганы айтылган. 9-октябрь күнү чабандардын бири каза болуп, калгандарынын абалы жакшы экени белгилүү болгон. Ал эми жардам берүүгө чыккан эки жаран жайлоого барышкан эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
beka88

13.10.2014. 08:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ьабылып калсын аман эсен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.