Москвадагы сейил бактардын биринен кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды




Москвадагы сейил бактардын биринен кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу кечээ, 12-октябрь күнү орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Алардын маалыматына караганда, маркумдун жансыз денеси жумушчулар жашаган жерден алыс эмес аймактан табылган. Ошондой эле жансыз дененин жанында айнеги сынган жүк ташуучу унаа болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Чондорубуз отурат, кыйратып койгонсуп чалкалап креслодо
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө жол берилбейт.