super.kg logo
  Саясат  

"Манас" эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесине катталганы тууралуу сертификат Таластагы "Манас Ордо" комплексине ыйгарылды

 

"Манас" үчилтигинин ЮНЕСКОнун тизмесине катталганы тууралуу сертификат Таластагы "Манас Ордо" комплексине тапшырылды. Айта кетсек, "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Бул тууралуу сертификат кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаевге тапшырылган. Президент сертификаттын бир нускасын "Манас Ордо" комплексине салтанаттуу түрдө тапшыруу керектигин билдирген.

Аталган сертификатты 11-октябрда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары "Манас Ордо" комплексине тапшырып келишти. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков: "Сертификат алуу менен Талас жергесинин тургундары эки эселенген сыймыктануу гана эмес, эки эселенген жоопкерчиликти да сезе билиши керек. Анткени сиздер Манас атабыздын түздөн-түз урпактарысыздар. Манас атабыздын осуяты болгон биримдик менен бүтүндүктү бекем карманышыбыз керек",- деп билдирди.

ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Карганбек Самаков: "Биз Улуу Кытай сепилин, египеттиктердин пирамидасын, гректердин "Илиадасын" талашканыбыз жок. Биз өзүбүздүн "Манасыбызды" тарттырып жибербей кайрып келдик",- деди. 

Маалыматты 13-октябрда парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: