Кыргызстанда бензиндин баасы 1 доллардан ашып кетти

Кыргызстанда бензиндин баасы күндөн-күнгө өсүп, жарандардын, айрыкча айдоочулардын тынчын алууда. Бир ай мурункуга салыштырмалуу учурда айдоочулар 1 литр бензинди дээрлик 5 сомго кымбат сатып алып жатышат. Сентябрь айынын башында Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 45 сом 10 тыйын болсо, учурда 49 сом 90 тыйындан сатылууда (4 сом 80 тыйынга көтөрүлдү).
кошулду
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Интернет булактары
АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 41 сом 90 тыйындан (бир ай мурун 38 сом 70 тыйын болчу), АИ-95 53 сом 20 тыйындан (бир ай мурун 48 сом 20 тыйын болчу) сатылып жатат. АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы учурда 55 сом 40 тыйын (бир ай мурун 51 сом 40 тыйын болчу). Ал эми дизель майынын баасы акыркы эки аптадан бери туруктуу кармалып турат, 43,50 - 43,80 сом болууда. Өкмөт өкүлдөрүнүн жакында билдиргенине таянсак, Кыргызстанда күйүүчү майлар ноябрдан тарта арзандап баштайт.
Айта кетсек, Кыргызстанда учурда 1 доллар 54 сом 83 тыйынга бааланууда.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

