super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун четке какты

 

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынды. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, мыйзам долбоору жаныбарларда жугуштуу оорулардын чыгышынан жана жайылышынан коргоону камсыздоо, малдын башын көбөйтүү, Бажы биримдигиндеги мамлекеттерге айыл чарба продукцияларын экспортоо максатында иштелип чыккан.

Талкууда комитет мүчөлөрү ветеринария боюнча көйгөйлөр 2011-жылдан бери иликтенип, “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору депутат Талантбек Узакбаев тарабынан демилгеленип, анын концепциясы 1-окууда жактырылгандыгын эске салышып, эки мыйзам долбоорун бириктирүү керектигин айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: