super.kg logo

Дизайнер Айпери Обозованын колунан жаралган сахна кийимдерин белгисиз адамдар уурдап кетишти

 

Дизайнер Айпери Обозова колунан жаралган сахна кийимдерин уурдаткандыгы тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Маалым болгондой, бул окуя кечээ, 12-октябрда орун алган. Жоголгон 30га чукул костюмдун баасы 300 миң сомду чапчыйт. Уурдалган кийимдер Айпери жетекчилик кылган "Датка" бий тобунун бийчи кыздарына таандык экен. Милицияга арыз жазып кайрылган дизайнер: “Баш кийим, көйнөктөн турган 30га жакын костюм аталган топтогу бийчи кыздын биринин автоунаасында болчу. Белгисиз адамдар автоунааны талкалашып, ичиндеги кийимдерди уурдап кетишиптир. Балким, алар башка бир баалуу нерсе деп болжошуп, кийимдер бар экенин билишкен эместир, же болбосо атайлап эле бул ишке барышкандыр. Мен милицияга арыз жазып кайрылдым. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кийимдерди алып кеткендерден кайтарып беришин сурайм. Анткени аларды эч жакка сата алышпайт. Эгер кийимдерди алып келип беришсе, жазган арызымды кайтарып алам да, сүйүнчүсүн берем. Ал кийимдер өзүмдүн колумдан жаралган эмгектер, калыбына келтирүүгө көп каражат сарпталат”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
13.10.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иии байкуш десе!!!!!!!!!!!!!!!алып келип берсекен эми
13.10.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят эле кайсы бети жок уурдады экен? же бул пиарбы сынган авто унаасында тартып чыгарса болмок экен эле...не болсода табылып калсын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: