super.kg logo

Ноокат районунда акча алмаштыруу жана спорт менен алектенген эки жаранды атып кетишти

 

Ноокат районундагы адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 12-октябрь күнү саат 17:30 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 19-чакырымында токтоп турган Опель Зафира унаасынан эки адамдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында каза тапкандар Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 1984-жылы туулган Ю.И. жана 1974-жылы туулган Х.Р. аттуу тургуну экендиги белгилүү болгон. Аларды белгисиз адамдар ок атуучу курал менен атып кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза тапкандардын бири спорт менен, экинчиси жеке акча алмаштыруу иштери менен алектенип жүрчү. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.10.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто акыркы кундору валютчиктердин акчасын тоногондор кобойду.Ошол арам акчаларды кантип иштетет экен,бала чакасына кантип кийим кечек алып берет ошол акчага?Кан койо бербейт дейт,озунун башына келет.
13.10.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайлары жанаттан болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: