Жумгал райондук сотунун төрагасы кызматтан алынып, Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасынын иштөө мөөнөтү узартылды
Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Жанышбек Ашыровдун кызматтык ыйгарым укуктары узартылды. Тийиштүү буйрукка 13-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдирди. Өлкө башчынын башка буйругу менен Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрагасы Жыргалбек Өмүрзаков ден соолугунун начарлашына байланыштуу кызматынан бошотулду. Буйруктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

