Москва шаарында кыргызстандык товарлар үчүн атайын күркө ачылат
Москва шаарында кыргызстандык товарлар үчүн атайын соода күркөсү (павильон) ачылат. Мындай идеяны Москвадагы кыргызстандык ишкерлер Кыргызстандын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев менен жолугушууда айтышып, сунушту министр колдоого алган. Айдаралиев Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, ата мекендик дыйкан, фермерлерге жакшы шарт түзүлөрүн айтты. Учурдагы айыл чарба тармагындагы кырдаал боюнча ишкерлерге маалымат бергенин министрликтен билдиришти.
Айта кетсек, министр Айдаралиев өткөн аптада Москвага иш сапары менен барып, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба министрлеринин жыйынына катышып келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

