АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдө гейлерди пропагандалоого тыюу салуу демилгесине каршы чыкты
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдө (Кыргызстанда) гейлерди пропагандалоого тыюу салууга багытталган мыйзам долбооруна каршы. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 13-октябрда билдирди. Элчилик Жогорку Кеңеште каралып жаткан бул мыйзам долбоору адам укуктарына, демократиялык жетишкендиктерге жана өлкөнүн конституциялык кепилдиктерине коркунуч жаратат деп эсептейт.
“Дүйнө жүзүндө ар бир жаран эркин жашоого татыктуу. Адам кимдир бирөөнү сүйүп калганы үчүн добушунан ажырап же түрмөгө камалбашы керек. Жарандардын бир тобун дискриминациялай турган мыйзам бардык жарандардын фундаменталдык укуктарына коркунуч жаратат. Жарандык коомго жасалган кенен чектөө демократияга зыян алып келет. Биз парламент өкүлдөрүн жана элди теңчилик, адилеттүүлүк тарапта турууга чакырабыз" деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Айта кетсек, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумсаларды пропагандалоону чектөө тууралуу” мыйзам долбоору каралган. Ага ылайык, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандар 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле лесбиянкалардын бирикмесин түзүү жана алардын укугун коргоого тыюу салынат.




Туура мыйзам, эн сонун болот кабыл алса...
08:33 09.09.2014
Жители села Кочкор Нарынской области (север Киргизии) выгнали из населенного пункта руководителя местного медресе за нетрадиционную сексуальную ориентацию. Об этом "Интерфаксу" сообщили в местном УВД.
По данным правоохранителей, 39-летний руководитель учебного заведения покинул село 6 сентября, сейчас его местонахождение неизвестно.
Директор медресе ранее занимал по
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат. Провокацияга жол берилбейт!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Сиздин сурооңуз түшүнүксүз болуп жатат. Купуя кат аркылуу байланышсаңыз. Эгер сиз комментарий калтыра албай жаткан болсоңуз бул жакка жаза алмак эмессиз.
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.