super.kg logo

Бишкекте сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин жеке сүрөт көргөзмөсү ачылат

 
"Дүйнөнү бөлүү".
Т.Касымбековдун романына ылайык тартылган "Үйлөнүү тою" аттуу чыгармасы.
"Жөргөмүш желеси".
"Толкун".
"Атчан киши".

16-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин “Башаттан башталган жол” аталышындагы жеке көргөзмөсүнүн бет ачар аземи болот. Бул тууралуу сүрөтчү SUPER.KG порталына билдирди.

Көргөзмөгө сүрөт чеберинин 50дөн ашык живопись, коллаж жанрындагы жана абстракционизм стилиндеги чыгармалары илинет. Мындан тышкары Т.Касымбековдун “Кел-кел” чыгармасынан алып жараткан тарыхый костюмдар орун алат. Сүрөтчү белгилегендей, бул көргөзмө менен адамдын кубанычын, көйгөйүн, сүйүүсүн, кайгысын, изденүүсүн ачып көрсөтүүнү максат кылган.

Асатилла Тешебаев 1957-жылы 19-июлда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач кыштагында туулган. Өз айылында орто мектепти бүтүргөн. 1974-1980-жылдары Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайында таалим алган. 1980-1982-жылдары Кызыл-Кыя шаарында көркөм өнөр ишканасында сүрөтчү болуп иштеген. 1982-1988-жылдары Москвада Бүткүл Союздук Кинематография институтунун сүрөтчүлүк факультетинде кино сүрөтчүсү адистиги боюнча окуган. 1988-1989-жылдары “Кыргызфильм” студиясында кино сүрөтчү болуп, “Кербез” көркөм фильминде сүрөтчү-коюучу катары иштеген. 1995-жылы ЮНЕСКОнун алкагындагы Көркөм өнөр чеберлеринин федерациясына мүчөлүккө кабыл алынган. 2001-2012-жылдары Австриянын Грац шаарында жашап-эмгектенген. 2013-жылдан бери чейин Москва шаарында жашап келет. Ал Австриянын жана Орусиянын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Белгилей кетсек, көргөзмө 4-ноябрга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.10.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асатилла акенин Москвада болуп откон сурот коргозмосу корормандардын мыкты баасына татыды.Кыргызстанда да сурот суйуучулорунун кызыгуусун артырат деп ишенебиз.Сизге ден соолук,ишинизде ийгиликтер каалайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: