super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Эл аралык астрономия олимпиадасынын катышуучуларын куттуктады

 
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 19-Эл аралык астрономия олимпиадасынын катышуучуларын жана меймандарын куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосунда буларды айтты: 
“Урматтуу мектеп окуучуларынын Эл аралык астрономия олимпиадасынын катышуучулары жана меймандары!

Меймандос кыргыз жергесине кош келиңиздер!

Дүйнөнүн 17 өлкөсүнүн жаш муундары катышкан 19-Эл аралык олимпиаданын өтүп жатышы бизде астрономиянын чоң майрамына айланды. Бул окуя Кыргызстанда космос жөнүндө билимди өнүктүрүүнүн жаңы доорун баштоого жакшы дем берет. Байыртан көчмөн ата-бабаларыбыз жылдыздарды изилдөөгө өзгөчө маани берген. Аларга байкоо жүргүзүү үчүн атайын аспаптары жок болсо да, асмандагы жылдыздардын жайгашуусун мыкты билип, Ай менен Күндүн алмашуу ыраатына көз салып турушкан. Ал тургай 12 жылдык мүчөлдү негиз кылып, өздөрүнүн календарын түзүшкөн.

Астрономия илимин үйрөнүү эч качан маанисин жоготкон эмес. Космосту жигердүү өздөштүрүү жана башка цивилизациялар менен байланыштарды издөө жүрүп жаткан XXI кылымда бул илимге өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

Байыркы бабаларыбыздын салттуу билимине, өзүбүздүн изилдөөлөрүбүзгө, чет элдик кесиптештердин тажрыйбасына таянып, учурда окумуштууларыбыз астрономия жана астрофизика тармагында жаңы ачылыштарды жасоого умтулууда.

Астрономия боюнча окумуштуулардын татыктуу жаңы мууну өсүп келе жаткандыгы жакшы жышаан. Өлкөбүздө астрономия боюнча билим берген саналуу мекемелердин бири – республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясы. Балдардын "Созвездие" астроклубуна быйыл 8 жыл толду. Кыргызстандык жаш астрономдор - көптөгөн эл аралык ири олимпиадалардын жеңүүчүлөрү.

Ардактуу жаш достор!

Эл аралык олимпиаданын катышуучуларына чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайм! Өлкөлөр ортосундагы достук чыңдала берсин. Астрономия илимин терең үйрөнүү боюнча умтулууңар жаңы жетишкендиктерге жана ачылыштарга өбөлгө болсун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: