super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт "Жер-Үй" кенин иштетүүгө аракетин баштады

 
"Жер-Үй" кенин иштетүү жана кендин аянтын геологиялык жактан иликтөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна кайрадан сынак өткөрүү боюнча комиссия түзүлдү. Тийиштүү токтомго 13-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Токтомго ылайык, ведомство аралык сынактык комиссия бир айлык мөөнөттө сынакты өткөрүү шартын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо талаптарын иштеп чыгып өкмөттүн бекитүүсүнө киргизүүгө тийиш. Кенди мурун иштетип келген казакстандык "Визор Холдинг" компаниясы лицензиясынан 2012-жылы ажыратылган. Буга компаниянын келишимдин талаптарын аткарбаганы себеп болгону айтылган. Аталган компания кыргыз өкмөтү менен соттошуп, өлкө сотторунун бардык инстанциясында утулган. 
2013-жылдын май айында "Жер-Үйдү" иштетпөө талабы менен Таласта ири митинг өтүп, бир нече адам ачкачылык жарыялоого чейин барган. Бирок азыркы өкмөт кен иштетилиши керектигин айтып келет. 
Маалыматка ылайык, “Жер-Үй” алтын кенинде алтындын 100 тонна кору бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: